Коронавирус: 5 адам жандандыруу бөлүмүндө жатат

Коронавирус: 5 адам жандандыруу бөлүмүндө жатат

Учурда стационарда жаткандардын саны 202 адам. Алардын бешөөнүн абалы туруктуу оор. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов брифингде билдирди.

“Стационарда 202 адам бар, алардын ичинен 5 адам туруктуу-оор абалда реанимацияда, 5 адамдын 2сү жасалма дем алдыруучу аппаратта жатат” – деди  Саламаттыкты сактоо министри  Сабиржан Абдикаримов.

Кыргызстанда жалпы 76000 экспресс-тест бар болчу, алардын ичинен 30 миң тест пайдаланылган. Бүгүнкү күндө өлкөдө коронавируска кабылгандардын жалпы саны 216 адамга жетти. Илдеттен 4 адам каза тапты. Ошондой эле 10 адам бул илдеттен айыкты, бүгүн дагы 23 адамды ооруканадан чыгаруу пландалууда.

Эске салсам, өлкөдө  COVID-19 вирусунун жайылышынын алдын алуу максатында Коопсуздук кеңешинин чечими менен жалпы билим берүүчү мектептердин окуучулары 16-марттан баштап эс алууга таратылган. Республика боюнча 18-марттан тартып өзгөчө кырдаал, ал эми коронавирус катталган айрым аймактарга 25-марттан баштап өзгөчө абал киргизген.