Коронавирус: 9 адам оор абалда жатат

Коронавирус: 9 адам оор абалда жатат

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган 9 бейтап оор абалда, алардын бешөө жандандыруу бөлүмүндө жатышат. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов брифингде билдирди.

“ 9 адамдын бешөө жандандыруу бөлүмүндө, алар жасалма дем алдыруучу аппартка туташтырылды. Бүгүнкү күндө обсервацияларда 10070 адам бар, алардын ичинен 439 адам үй карантинге алынган”,-деди Сабиржан Абдикаримов

Белгилей кетсек, 8-апрелге карата өлкөдө  дагы 42 адамдан коронавирус табылып, илдетке кабылган  бейтаптардын жалпы саны 270 адамга жетти.

Өлкөдө  COVID-19 вирусунун жайылышынын алдын алуу максатында Коопсуздук кеңешинин чечими менен жалпы билим берүүчү мектептердин окуучулары 16-марттан баштап эс алууга таратылган. Республика боюнча 18-марттан тартып өзгөчө кырдаал, ал эми коронавирус катталган Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда 25-марттан баштап өзгөчө абал киргизген.