Коронавирус дагы 21 адамдан табылды. Канча адам айыгып чыкканы да айтылды

Коронавирус дагы 21 адамдан табылды. Канча адам айыгып чыкканы да айтылды

Бүгүн, 12-майга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 21  учуру катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлиги кабарлайт.

• Бишкек ш. – 10

• Чуй облусу - 1

• Жалал-Абад облусу - 3

• Нарын облусу - 7

Учурда өлкө боюнча коронавируска чалдыккандардын саны 1037 кишиге жетти. Бир сутка ичинде 21 бейтап ооруканадан айыгып чыкты:

• Бишкек ш. – 12

• Ош ш. – 3

• Ош облусу – 3

• Нарын облусу – 2

• Жалал-Абад облусу – 1

 

Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 709 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.