Коронавирус илдетине кабылгандар Арча-Бешикте көп катталган. Бишкек райондору боюнча жалпы маалымат

Коронавирус илдетине кабылгандар Арча-Бешикте көп катталган. Бишкек райондору боюнча жалпы маалымат

Бишкек шаары боюнча коронавирустун жайылып кетүү тобокелчилиги жогору бойдон калууда. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти.

23-майга карата Бишкекте лаборатория тарабынан тастыкталган учурлардын саны 348 адамды түздү. 224 адам айыгып чыкты, 124 адам көзөмөлдө жатат. Илдетке чалдыккан 348 адам жалпы 727 жаран менен байланышкан. Алардын ичинен 296 адам ооруду, 307 адам көзөмөлдөн алынган. Ооругандар менен байланышта болгон 124 киши көзөмөлдө жатат.  

          Азиз Суракматов

Бишкекте оорунун белгиси жок өтүп жаткан фактылар бар, ошондуктан эпидемиологдордун колду таза жууп жана бет кап тагынуу сунушу күчүндө кала берет.

Илдетке кабылган 348 адамдын ичинен 90 киши медицина кызматкерлери жана 43 адам ИИМ кызматкерлери.

Статистика боюнча коронавирус илдетине чалдыккан адамдардын көбү – 102 адам Ленин районунун аймагында жашайт, Октябрь районунда 71 адам, Биринчи май районунда 56 жана Свердлов районунун аймагында 43 адам.

Ооруну жуктуруп алган 83 адам Бишкек шаарынын 20 калктуу конушунда турушат, алардын ичинен:

• Ленин району (37):

Арча Бешик калктуу конушу – 26, Ак-Орго калктуу конушу – 6, Ынтымак калктуу конушу – 3, Ак-Ордо калктуу конушу – 2;

• Октябрь району (10):

- Көк-Жар калктуу конушу – 7, Кара-Жыгач калктуу конушу - 1, Алтын-Ордо калктуу конушу – 1, Рухий-Мурас калктуу конушу – 1;

 

• Биринчи май району (27):

- Ак-Босого калктуу конушу – 13, Көлм калктуу конушу – 10, Тынчтык калктуу конушу – 1, Касым калктуу конушу – 1, Мурас-Ордо калктуу конушу – 1, Щербаков калктуу конушу – 1;

 

• Свердлов району (9):

- Учкун калктуу конушу – 2, Керамическая калктуу конушу – 2, Красный строитель калктуу конушу – 2, Дордой калктуу конушу – 1, Эне-Сай калктуу конушу – 1, Ак-Бата калктуу конушу – 1.

 

26-апрелден тартып, Бишкекте  мобилдик бригадалар 128 коронавирус илдетинин очогуна, 498 үйгө (көп кабаттуу үйлөрдүн короосуна) чыгышкан, 1115 адамга экспресс-тестирлөө жүргүзүлдү.

Мобилдик бригадалар тарабынан 2020-жылдын 25-мартынан бүгүнкү күнгө чейин 11 025 чыгып текшерүү өткөрүлүп, 8 989 ПЧР-анализ алынган.