21.04.2020 18:00

Коронавирус жуктуруп алып, ооруну жашырган дагы бир адамга кылмыш иши ачылды

Коронавирус жуктуруп алып, ооруну жашырган дагы бир адамга кылмыш иши ачылды

Ош шаарында укук коргоо органдары коронавирус оорусун жашырган адамга кылмыш ишин козгоду. Бул туурасында Ош шаарынын жана Ноокат, Кара-Суу райондорунун коменданты Малик Нурдинов брифингде билдирди. Бул илдетти жашырып, дарыгерге кайрылбай жүргөн үчүнчү учур. Бирөө Ноокат районунда, эки учур Ош шаарында катталган.

Анын айтымында вирусту жуктуруп алган адам Россиядан учуп келген. . Анын айынан дагы 10 адам карантинде жатат дейт комендант.

“Эң жаманы мындай адамдар өзүнө эле коркунуч жаратпастан, өзүнүн жакындарына да коркунуч жаратууда. Башка дагы ким менен байланышта болгонун тактап жатабыз. Жарандарга кайрылып кетейин, эгер кандайдыр бир шек жаралса, дарыгерге кайрылууга милдеттүсүздөр”,-деди Малик Нурдинов.

Ооруну жашырган шаар тургуну Жазык кодексинин 280-беренесинин негизинде жоопкерчиликке тартылары күтүлүүдө.

Кыргызстанда бүгүн, 21-апрелге карата коронавирус жуктурган 22 жаңы учур катталып, илдетке кабылгандардын саны 590 адамга жетти. Жалпы  216 адам коронавирустан сакайып чыкты, 7 адам көз жумган.

Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.

14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулду. Мындай жардыкты президент чыгарып, Жогорку Кеңеш колдоду.