04.02.2020 14:24

Коррупция? Чет өлкөдө качып жүргөн Аскарбек Шадиевдин кызына тиешелүү мүлк камактан чыгарылды

Коррупция? Чет өлкөдө качып жүргөн Аскарбек Шадиевдин кызына тиешелүү мүлк камактан чыгарылды

Мурдакы вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин кызына тиешелүү мүлк камактан чыкты. Тиешелүү чечимди Биринчи май райондук соту бекиткен. Маалыматты Бишкек шаардык сот ырастады.

Маалыматка караганда, Бишкек шаардык сотуна Шадиевдин жакындарына катталган мүлктү камактан чыгаруу боюнча үч иш келип түшкөн. Бирок прокуратура Шадиевдердин үй-бүлөсүнө таандык айрым мүлк объектилерин камактан чыгарган райондук соттун чечимине каршы чыгып, арыз менен кайрылган.

Бул иштер боюнча Бишкек шаардык соттун отуруму 11, 18 жана 20-февралга белгиленген.

Эске салсак, «Бир Бол» партиясынын парламенттеги депутаты Аскарбек Шадиев 2018-жылы өлкөдөн чыгып кеткен. Ага кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, чек араны мыйзамсыз кесип өтүү жана акча каражатын мыйзамсыз менчиктештирип алуу беренелери боюнча айып тагылып, 1 миллиард 852 миллион сомдук мүлкү камоого алынган.

Сот Аскарбек Шадиевди сыртынан 10 жылга эркинен ажыраткан.