11.07.2018 12:20

Коррупция менен күрөштөн түшкөн акчалар үчүн ачылган эсепке 39 млн сом которулду

Коррупция менен күрөштөн түшкөн акчалар үчүн ачылган эсепке 39 млн сом которулду

Коррупция менен күрөшүүнүн натыйжасында түшкөн каражат үчүн ачылган атайын эсепке 39 миллион сом которулду. Бул туурасында Башкы прокуратуранын маалымат кызматы  билдирди.

Бирдиктүү депозиттик эсеп бир жума мурун, 3-июль күнү КР өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-июнундагы токтомун ишке ашыруу максатында  Каржы министрлиги тарабынан ачылган.  

«Мыйзамдарды так аткарууну көзөмөлдөө боюнча прокуратура органдарынын ишмердүүлүгүнүн натыйжасында аталган эсепке Башкы прокуратура тарабынан 39 миллиондон ашыгыраак сом которулду», — деп жазылат  маалыматта.

Билдирүүдө бул багыттагы жумуш улантылып жатканы айтылат.