29.11.2019 14:45

Коррупция: Раим Матраимов УКМКга сурак берет

Коррупция: Раим Матраимов УКМКга сурак берет

Бүгүн, 29-ноябрда Кыргызстандын Бажы кызматынын жетекчисинин мурунку орун басары Раим Матраимов суракка чакырылды. Бул тууралуу УКМК кабарлайт.

Тактап айтканда, Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов күбө катары чакырылган.

“Р.Матраимов журналисттик иликтөөдө жарыяланган баардык жагдайлар боюнча суралат. Учурда аталган сотко чейинки териштирүүнүн алкагында Айеркен Саймаитиге карата болгон коркутуулар боюнча маалыматтарды толук кандуу жана объективдүү жүргүзүү максатында баардык жагдайларды аныктоого багытталган тиешелүү тергөө иш чаралары жүрүп жатат”, - деп белгиленет УКМКнын билдирүүсүндө.

КР Кылмыш-жаза кодексинин 39-жана 130-беренесинин 1-бөлүгү боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган журналисттик иликтөөнүн материалдары боюнча сотко чейинки териштирүүлөрдүн алкагында, ведомстволор аралык тергөө тобу тарабынан тергөө иш чаралары уланууда.

Эске салсак, 21-ноябрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» деген иликтөө жарыяланган.

Анда көпчүлүккө белгисиз Хабибулла Абдукадыр аттуу уйгур үй-бүлөнүн карго компаниясы аркылуу товарларды туура эмес көрсөтүү жана башка системалар менен өлкөгө миллиондогон акча мыйзамсыз кирип-чыгып турганы тууралуу маалыматтар жарыяланган.