28.02.2020 17:22

Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум жылдырылды. Бийлик Садыр Жапаровдун тарапташтарынын митингинен коркуп жатабы?

Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум жылдырылды. Бийлик Садыр Жапаровдун тарапташтарынын митингинен коркуп жатабы?

Кой-Таш окуясы боюнча баштапкы соттук отурум 3-март, экинчи күнгө жылдырылды. Отурум саат 16:00дө башталат. Бул тууралуу КСДП саясий партиясынын төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева өзүнүн Facebook-баракчасына жазып чыкты.

Мурдараак, соттук процесс 2-март, биринчи күнгө белгиленген эле.

«Бийлик Садыр Жапаровдун тарапташтары пландаган 2-марттагы митингден коркуп жатат окшойт», - Кундуз Жолдубаева жазып чыкты.

Эске салсак, мурдараак «Апрельге» маек берген өздүк булактын маалыматы боюнча, эч бир себебин түшүндүрбөстөн адамдарды Аламүдүн райондук ички иштер башкармалыгына чакырып, милиция кызматкерлери маалымат алып жаткандарын кабарлаган.

Дал ошондой формачандар менен маек курууга аргасыз болгон адамдын билдирүүсүнө караганда, укук коргоо кызматкерлери аны 2-мартта митингге чыкпай коюууга үндөшкөн. Айтымында ал буга чейин дагы каршылык акцияларына катышып келген.

Түрдүү акцияларга катышып жургөн адамдарды милицияга, УКМКга чакыра башташты деген маалыматты социалдык тармактардын айрым колдонуучулары дагы жаза башташты.