03.03.2020 10:32

Кой-Таш окуясы: Алгачкы соттук жараян бүгүн башталат

Кой-Таш окуясы: Алгачкы соттук жараян бүгүн башталат

Биринчи Май райондук сотунда бүгүн Кой-Таш окуясы боюнча баштапкы сот жараяны өтөт. Бул тууралуу КСДП партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева өзүнүн  Facebook-баракчасына жазып чыкты.

Соттук териштирүү саат 16:00гө белгиленген. Ага экс-президент Алмазбек Атамбаев дагы катышаары маалымдалды.

«Алмаз Шаршенович сотко катышып, өлкөдөгү мыйзамсыздыкка, адам укугун бузулуусуна, баш-аламандыктарга каршы чыгып, өз позициясын билдирип чыккан адамдардын жанында болом деп билдирген. Бүгүнкү соттук териштирүүдө экс-президент катышуусу күтүлүүдө», - дейт Кундуз Жолдубаева.

Кундуз Жолдубаеванын маалыматына караганда, Кой-Таш окуясына байланыштуу 19 адамга айып коюлган. Алардын ичинен бешөө тергөө менен кызматташууга макул болушкан.

Жолдубаева сотту жабык өткөрүү аракети күтүлүп жатканын кошумчалап, жараянды ачык өткөрүүнү соттон өтүнүшөрүн кошумчалады.