03.03.2020 16:12

Кой-Таш окуясы: Атамбаевдин тарапташтарын паспорту жок деген шылтоо менен сот залына киргизбей жатышат

Кой-Таш окуясы: Атамбаевдин тарапташтарын паспорту жок деген шылтоо менен сот залына киргизбей жатышат

Бүгүн, 3-мартта, Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча баштапкы соттук отурум башталат.

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Сергей Слесарев “Апрель” телеканалына билдиргендей, Атамбаевдин тарапташтарын паспорту жок деген жүйөө менен сот залына киргизбей жатышат.

 «Бул мыйзамга туура келбейт. Анткени алар эч кандай тартип бузушкан жок. Биринчиден, алар адам! Аны тыюуу салынган каражаты жок экенин аныктоочу аппараттан өткөрүп туруп, кое бериши керек. Ал эми документ сурап жатканы – бул ашыкча талап. Жана бул жарандардын конституциялык укугун бузуп жатат», - дейт адвокат.

Белгилей кетсек, Атамбаевди колдоо үчүн жарандар көбүнесе Арашан жана Кой-Таш айылдарынан келишкен. Алардын бардыгынын: улгайган ата-апалардын паспортторун талап кылышууда.

КСДП фракциясынан депутат Ирина Карамушкина отурумдун алдында УкМКнын убактылуу кармоочу жайында камакта отурган Атамбаевге кирип чыккандыгы тууралуу кабар берди.

Анын айтымына караганда, Атамбаев тергөө менен келишим түзгөндөрдү кечирип коюууга чакырган.

 «Алар алсызыраак болуп калышты. Аларды багындырып коюшту», - деп Карамушкина Атамбаевдин айткандарын билдирди.

Эске салсак, Кой-Таш окуясына байланыштуу 19 адамга айып коюлган. Алардын ичинен бешөө тергөө менен кызматташууга макул болушкан.

Алгач Кой-Таш окуясы боюнча баштапкы соттук отурум 2-мартка белгиленген эле. Бирок күн мурун орун алган Садыр Жапаровдун тарапташтырынын митингинен улам аны бүгүнкү күнгө жылдыруу чечими кабылданган.