04.03.2020 12:08

Кой-Таш окуясы: Айыптоочу тараптын жетекчиси соттук процесс ачык өтүшүнө каршы эмес

Кой-Таш окуясы: Айыптоочу тараптын жетекчиси соттук процесс ачык өтүшүнө каршы эмес

Бүгүн, 4-мартта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча баштапкы соттук отурум өтүүдө.

Кылмыш иши боюнча айыптоочулар тобунун жетекчиси Темирбек Бекмаматов журналисттерге кабарлагандай, КР жазык кодексинин 275-беренесине ылайык, баштапкы угуулар дайыма эле жабык эшик артында өтөт.

 «Бул болгону баштапкы угуулар. Азыр кылмыш ишинин баардык материалдары каралбайт. Процесстин катышуучуларынын бир катар өтунүчтөрү гана каралат. Бул жакта өтө оор кылмышка шектелип жаткандар көп. Андыктан бул тартип милдеттүү болчу. Мындан ары процесстин тартибин: ал  жабык болобу, же ачык болобу,  сот өзү чечет. Айыпталып жаткандардын укугу бузулбайт. Мүмкүнчүлүккө жараша сот шарт түзүп жатат. Процесс саясатташып кетпеши керек», - дейт ал.

Айтымында, баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча камакта отурган бардык шектүүлөрдөн өтүнүч келип түшкөн. Бир гана Атамбаев андай арызы менен кайрылган эмес.

Шектүүлөрдүн ар биринен өтүнүчтөр келип түшкөндөн кийин сот кеңешме бөлмөсүнө чыгып кетти.

 «Процесс жарыш сөз менен коштолуп, эки тарап тең укуктуу. Биздин өзүбүздүн дагы өтүнүчтөрүбүз бар. Отурумду ачык өткөрүү боюнча биздин каршылыгыбыз жок. Бирок бүгүн баштапкы угуулар болуп жатат. Андыктан ал жабык эшик артында өтүп жатат», - дейт Темирбек Бекмаматов.

Белгилей кетсек, Кой-Таш окуясына байланыштуу 19 адамга айып коюлган. Алардын ичинен бешөө тергөө менен кызматташууга макул болушкан.