05.03.2020 14:58

Кой-Таш окуясы: Баштапкы соттук угуулар Алмазбек Атамбаевсиз өтүүдө

Бүгүн,5-мартта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 2019-жылдын 7-8-августунда жүз берген Кой-Таш окуясы боюнча баштапкы соттук угуулар уланууда.

Жактоочу Сергей Слесарев маалымдагандай, отурум экс-президент Алмазбек Атамбаевсиз өтөт. Ал дагы деле кан басымын бир калыпта сакташ үчүн медициналык кароодон өтүүдө.

 «Алмазбек Атамбаевдин кан басымы кескин өзгөрүүдө. Ал ден соолугуна байланыштуу отурумга катыша албайм деп арыз жазды», - дейтСергей Слесарев.

Адвокат бүгүн жактоочу тарап процесс ачык өтүшү боюнча өтүнүч келтирээрин кошумчалады.

Эске салсак, Кой-Таш окуясы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 14 кишиге айып тагылды. Алардын катарында мурдакы президент Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов, Кундуз Жолдубаева, Равшан Жээнбеков, Мээрбеку Мискенбаев, Ирина Карамушкина жана Асел Кодуранова, Канат Сагымбаев жана Фархат Баабиев бар. Белгилей кетсек, тергөө менен кызматташууга макул болгон 5 кишинин иши өзүнчө өндүрүшкө алынган.