22.09.2019 16:06

Кой-Таш окуясы боюнча арызга кол койгондорду дем алыш күнү суракка алып жатышат. Арасында чоң апалар менен жаш балалуулар да бар

Кой-Таш окуясы боюнча арызга кол койгондорду дем алыш күнү суракка алып жатышат. Арасында чоң апалар менен жаш балалуулар да бар

Экс-президенттин уулу Кадыр Атамбаев Кой-Таш окуясы боюнча арыз жазган адамдарды Аскер прокуратурасы бүгүн, жекшемби күнү суракка алып жатканын билдирди. Эскерте кетсек, буга чейин Кой-Таш менен Арашандын 1700 тургуну УКМК төрагасын, ИИМ жетекчисин жана президент Жээнбековду 7-8-августтагы кылмыштуу чабуул үчүн жоопко тартууну талап кылып, Башкы прокуратурага арыз жазышкан.

Кадыр Атамбаевдин текстин толугу менен беребиз:

«Мен эртең мененки саат 9:00дөн баштап, Таш-Дөбө айылындагы милиция бөлүмүндөмүн. Аскер прокуратурасы бүгүн, жекшембиде 70-80 жаштагы улгайган аялдарды суракка чакырууну чечиптир. Ал гана эмес, эмчектеги баласын көтөргөн апалар да суракта жүрүшөт.

Жарандык активисттердин биринин 70 жаштагы апасын жарым саат суракта кармашты. Аны «Опумбаевге жана башкаларга доом жок» деген тариздеги кагазга кол койдурууга көндүрүүгө аракет кылышкан. Улгайган аялга эмне кагазга кол койдурганы жатышканын түшүндүрүшкөн да эмес, «Ушул жерге кол койсоңуз, кете берсеңиз болот» дешкен. Муну убагында келип калган жактоочу токтотуп калды. Буга чейин кээ бир аялдарды жаш курагына жана ден соолугунун абалына карабастан, кол койгону үчүн 5 сааттай суракка алышыптыр.

Элди алар кылмыштуу чабуулдун уюштуруучулары - Опумбаев, Жунушалиев жана Жээнбековду жоопко тартууну талап кылган эмес дегенге «ишендиргилери» келип жатат. Башкача айтканда, арызга кол койгонун танууга үндөп жатышат.

Арызга кол койгон бир активистке суракта: «Биз сага Опумбаев менен көзмө-көз жолугушуу уюштурсак, ал сага өзүнүн доосу бар экенин айтса, эмне болот?» дешиптир. Кээ бирөөнө кол койгону үчүн күн бою суракка алышаарын айтышыптыр.

Мен бул жакта болом, анткени, сурак, тактап айтканда, кол коюуларды Гестапо стилинде текшерүү түнгө чейин уланат. Мунун баарын бийлик жекшемби күнү уюштурганын эскертип кетем»,- деп жазат Кадыр Атамбаев.