05.03.2020 17:02

Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып жаткандар соттук процесс ачык өтүшүн талап кылышууда

Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып  жаткандар соттук процесс ачык өтүшүн талап кылышууда

Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып жаткандар сот ачык өтүшүн талап кылышат. Бул тууралуу КСДП саясий партиясынын төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева өзүнүн Facebook-баракчасына жазып чыкты.

Шектүүлөр сотту массалык маалымат каражаттарынын, жарандык коомдун өкүлдөрүнүн, эксперттердин жана эл аралык байкоочулардын катышуусунда өткөрүүнү өтүнүшүүдө.

“Биз президенттен көз каранды болгон соттук система бейтараптуу болот деп ишене албайбыз. Жакында жүргүзүлгөн социологиялык сурамжылоого ылайык, ага калктын басымдуу бөлүгү (80 пайызы) ишенбейт”, - деп жазылат кайрылууда.

Алар 2010-жылы болгон апрель окуяларын мисал келтиришип, ошол убактагыдай бардык каалочулар батчу жайда соттук териштирүүнү өткөрүүнү сунушташкан.

Эске салсак, кылмыш ишинин алкагында 14 кишиге айып тагылды. Алардын катарында мурдакы президент Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов, Кундуз Жолдубаева, Равшан Жээнбеков, Мээрбеку Мискенбаев, Ирина Карамушкина жана Асел Кодуранова, Канат Сагымбаев жана Фархат Баабиев бар. Белгилей кетсек, тергөө менен кызматташууга макул болгон 5 кишинин иши өзүнчө өндүрүшкө алынган.