04.03.2020 10:20

Кой-Таш окуясы боюнча баштапкы соттук угуулар кечигип, башталбай жатат

Кой-Таш окуясы боюнча баштапкы соттук угуулар кечигип, башталбай жатат

Бүгүн, 4-мартта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча алгачкы соттук угуулар башталат.

Отурум саат 10:00до башалышы керек эле. Бирок кечигип жатат. Соттук отурум өтө турчу залга шектүүлөрдү алып келише элек.

Жактоочу Замир Жоошевдин айтканына караганда, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин отурумга катышаары азырынча белгисиз. Мурунку президент баш тартып кое алат, анткени эртең мененкисин кан басымын бир деңгээлде сакташ үчүн медициналык текшерүүдөн өтөт.

Биринчи май райондук сотунун алдында шектүүлөрдү алып келе турчу унаалар дагы байкалган жок. Залда болсо милиция кызматкерлери арбын. Анын үстүнө соттук департаменттин кызматкерлери дагы тартылган.

Белгилей кетсек, соттук отурум өтө турчу залга шектүүлөрдүн жакындарын киргизбей жатышат.

Эске салсак, күн мурун, 3-мартта адвокаттар иштөө үчүн тиешелүү шарттын жоктугуна байланыштуу соттук отурумду жылдырууну өтүнүшкөн. Себеби, жактоочулар отура турчу үстөлдөр жетишсиз болуп, котормочулар чакырылган эмес.