12.02.2020 10:44

Кой-Таш окуясы боюнча шектүү: ИИМ далили жок күнөөлүү кылып койду

Кой-Таш окуясы боюнча шектүү: ИИМ далили жок күнөөлүү кылып койду

Кой-Таш окуясы боюнча шектүү катары кармалган Рысбек Карыпбек уулу кыйноого каршы улуттук борборго, өлкөнүн акыйкатчысына жана массалык маалымат каражаттарына ачык кайрылуу жасады. Ал күч органдары тарабынан кыйноого кабылып, соттун өкүмү жок күнөөлөнүп жатканын билдирген.

Эске салсак, Рысбек Карыпбек уулу2019-жылдын 10-августунда кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ага Кой-Таш окуясында УКМКнын «Альфа» атайын бөлүгүнүн кызматкери У.Ниязбековду өлтүрдү деген кине коюлган.

Рысбек Карыпбек уулунун маалыматына караганда, ал кармалган күнү КР ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы башкы башкармалыгынын кызматкери Султаналиев Эмирлан тарабынан кыйноого алынган.

“Ошол эле күнү Эмиркан Султаналиев ИИМдин имаратынын ичинде мени уруп-сабап, коркутуп өмүр баянымды сүйлөтүп, уюлдук телефонунун камерасына жаздырып алды”, - дейт Рысбек Карыпбек уулу.

Ал видео Facebook, Instagram жана Youtube баракчаларында таратылганын кошумчалап, Youtubeта «Спецназды өлтүргөн адам кармалды» деген тема менен илинип турганын белгилеген. Бул тууралуу ал жакындарынан укканын айтат.

“2-3 күн өткөн соң ата-энем, бир туугандарым, УКМК кызматкерин өлтүргөн адам мен - Карыпбек уулу Рысбек экенимди «далилдеген», ИИМдин кызматкери Эмирлан Султаналиев тарткан видео интернетке тарап жатканын айтышты”, - деп айтылат кайрылууда.

Бирок арадан беш ай өткөн соң тергөө  «Альфа» атайын бөлүгүнүн жоокеринин өлүмүнө Карыпбек уулунун тиешеси жок экенин аныктаган.

“ИИМдин кызматкери Султаналиев Эмирлан Зарылбекович мени видеого тартып, соттун чечими жок, адам өлтүргүч деп атап, күнөөсүздүк презумпциямды бузуп, коомчулукка таратууга укугу бар беле?”, - деп Карыпбек уулу суроо салат.

Кайрылуусунун акырында Султаналиев Эмирландын иш-аракети, башкача айтканда, мыйзамсыз видеого тартып, жалган жалаа менен коомчулукка адам өлтүргүч катары көрсөткөнү үчүн жоопко тартууну өтүнгөн.