03.02.2020 12:15

Кой-Таш окуясы: КСДП саясий партиясынын мүчөлөрүнүн бөгөт чарасы узартылабы?

Кой-Таш окуясы: КСДП саясий партиясынын мүчөлөрүнүн бөгөт чарасы узартылабы?

Бүгүн, 3-февралда Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча шектелип кармалгандардын бөгөт чарасы каралат. Тиешелүү өтүнүчтү тергөөчүлөр прокрорлор менен биргелитке келтиришип, Фарид Ниязов, Равшан Жээнбеков, Канат Сагымбаев, Мээрбек Мискенбаев, Фархат Баабиев, Рыспек Карыпбек уулун убактылуу кармоочу жайдагы мөөнөтүн узартып берүүнү суранышкан.

Отурум саат 15:00дө башталат. Жогоруда аталган жарандардын баш коргоо чарасын дагы эки айга узартууну өтүнүшүүдө. Бул тууралуу КСДП саясий партиясынын төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева өзүнүн Facebook-баракчасына жазып чыкты.

Маалыматка караганда, КСДП саясий партиясынын төрагасынын милдетин аткаруучу Асель Кодуранованы 9-апрелге чейин үй камагынан чыгарбоону суранышкан.

Эске салсак, 28-декабрда Биринчи май райондук сотунун чечими менен Мээрбек Мискенбаев 2020-жылдын 9-февралына чейин камакка алынган. Ал бийликти күч менен басып алуу беренеси боюнча айыпталып жатат.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты жана КСДПнын төрайымы Асель Кодуранованы үй камагына 9-февралга чейин алышкан.