17.03.2020 13:13

Кой-Таш окуясы: Курсан Асановдун жардамчысы үй камагына чыгарылды

Кой-Таш окуясы: Курсан Асановдун жардамчысы үй камагына чыгарылды

Курсан Асановдун жардамчысы, ички иштер министрлигинин кызматкери Дамир Пайзилда уулу үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Курсан Асановдун жактоочусу Икрамидин Айткулов жергиликтүү маалымат каражаттарына маалымдады.

Маалыматка караганда, Биринчи май райондук сотунда мурдагы министр Курсан Асанов, журналист Турсунбек Бейшенбековдун үй камагындагы мөөнөтү эки айга узартылды. Ал эми Дамир Пайзилда уулу бөгөт чарасы үй камагы болуп өзгөртүлдү.

Эске салсак, шектүүлөр Кой-Таш окуясы боюнча ачылган кылмыштарга байланыштуу камакка алынган.

Белгилей кетсек, 4-февралда Башкы прокуратура Курсан Асанов Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгү («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу»), 43-беренесинин 2-бөлүгү («Кылмыш жасоону уюштуруу же анын аткарылышына жетекчилик кылуу»), 44-беренесинин 2-бөлүгү («Сүйлөшүп алып чогуу кылмыш кылуу»), 45-беренесинин 3-бөлүгү («Кылмышты уюштуруу, шыкактоо жана көмөк»), 5-бөлүгү («Кылмыш жасоого башка адамдарды көндүрүү») боюнча айыпталып жатканын маалымдаган.

Анда Башкы прокуратура Асанов ИИМдин башка кызматкерлери Пайзилда уулу Дамир менен Мухамедали Асановду өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланып, жардамчысы жана жансакчысы катары иштетип жүргөн, ал эми өкүл баласы Турсунбек Бейшенбеков менен чогуу ошол кездеги биринчи вице-премьер-министр Жеңиш Разаков тууралуу калп маалыматтарды тараткан деп шек саналып жатканын кабарлаган.