04.02.2020 15:06

Кой-Таш окуясы: Шектүүлөр болуп көрбөгөндөй кысымга кабылганын билдиришти

Кой-Таш окуясы: Шектүүлөр болуп көрбөгөндөй кысымга кабылганын билдиришти

Бийлик, сот жана укук коргоо органдары Кой-Таш окуясы боюнча камакка алынгандарга болуп көрбөгөндөй кысым көрсөтүп жатышат. Бул тууралуу бүгүн, 4-февралда камакта отурушкандар билдиришти.

Тагыраагы, Равшан Жээнбеков, Канат Сагынбаев, Мээрбек Мискенбаев, Фаркат Баабиев, Карыпбек уулу Рысбек жана Фарид Ниязов коомчулукка кайрылуусун жарыялашты. Алар бийлик, сот жана укук коргоо органдар тарабынан болуп көрбөгөндөй кысымга дуушар болушканын белгилешкен.

«Кой-Таш окуясына байланыштуу жасалма кылмыш иши боюнча жоопко тартылып жаткан саясатчыларга, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарына кысым болуп жатат. Бийликке көз каранды өкмөттүк комиссия бийликтин кызыкчылыгына жооп берген, УКМКнын, ИИМдин башчыларын жана Башкы прокурорду актаган, ал эми мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди жана анын тарапташтарын каралаган чечим чыгарууда» деп жазылган.

Мындан тышкары ИИМ жүргүзүп жаткан тергөө бир тараптуу, бурмаланып, жалган көрсөтмөлөр менен коштолуп жатканы айтылган. Кайрылуу ээлери соттор жабык, түн ичинде өткөрүлүп жатканын да бийликтин атайын жасалып жаткан басымы деп эсептешет.

«Биз, саясий туткундар, бардык жарандар сыяктуу биздин сотторубуздун күндүз жана журналисттердин, жарандык коомдун өкүлдөрүнүн катышуусу менен өтүшүн талап кылабыз. Ак экенибизди ачык соттор аркылуу далилдейбиз» деп айтылат билдирүүдө.

Кайрылууга кол койгондор былтыр августта Кой-Таш айылында «массалык баш-аламандык уюштурган», «бийликти басып алууга аракеттенген» деген жана башка негиздер боюнча айыпталып, камакка алынышкан.