04.03.2020 16:42

Кой-Таш окуясы: Шектүүлөрдүн баш коргоо чарасы өзгөрүүсүз калтырылды

Кой-Таш окуясы: Шектүүлөрдүн баш коргоо чарасы өзгөрүүсүз калтырылды

Бүгүн, 4-мартта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча баштапкы соттук угуулар башталды.

Ага ылайык, экс-президент Алмазбек атамбаевден сырткары сегиз шектүү алардын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча өтүнүч келтиришкен.

Жактоочу Нурбек Токтакунов билдиргендей, судья Марат Сыдыков камакта отургандардын баш коргоо чарасын өзгөртүүдөн баш тарткан. Аны кылмыш ишинин оорлугуна жана шектүүлөр эркиндикке чыгарылса, соттон качып кетээрине шылтаган.

 «Мыйзам шектүүлөрдү айыптын оорлугуна жана божомолдорго негиздеп камакта алып жатууга тыюуу салат. Камакта калтыруу үчүн келтирилген божомолдорду негиздей турчу ишенимдүү далилдер керек», - деп белгилейт укук коргоочу.

Мисал катары адвокат Равшан Жээнбековду көрсөткөн. Ал август айынан тартып тергөөчүгө кечикпестен келип, эки жолу чет өлкөгө чыкканына карабастан кайра кайра кайтып келген.

 «Керек болсо мен өзүм ага бул жакка кайтып келбе деп сунуштагам. Ал макул болбостон, кайра кайтып келген. Тагыраак айтканда, ал жүрүм-туруму менен эч жакка качпай тургандыгын көрсөткөн. Ага карабастан аны камап салышты», - дейт жактоочу.

Эске салсак, кылмыш ишинин алкагында 14 кишиге айып тагылды. Алардын катарында мурдакы президент Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов, Кундуз Жолдубаева, Равшан Жээнбеков, Мээрбеку Мискенбаев, Ирина Карамушкина жана Асел Кодуранова, Канат Сагымбаев жана Фархат Баабиев бар. Белгилей кетсек, тергөө менен кызматташууга макул болгон 5 кишинин иши өзүнчө өндүрүшкө алынган.