10.01.2020 10:55

Кой-Таш окуясы: Сотко чейинки тергөө иши соңуна чыкты

Кой-Таш окуясы: Сотко чейинки тергөө иши соңуна чыкты

7-8-августтагы Кой-Таш окуясы боюнча тергөө иши аяктады. 10-январдан баштап жактоочулар жана шектүүлөр кылмыш ишинин материалдары менен тааныша башташат. Бул тууралуу КСДП саясий партиясынын төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева билдирди.

Маалыматка караганда, Кундуз Жолдубаевага эң оор кылмыштар боюнча кине коюлууда.

Алар: «Бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу», «Кишилерди барымтага алуу» , «Массалык башаламандык», «Куралды мыйзамсыз жүгүртүү», «Бийлик өкүлүнө карата зомбулук же коркутуу», «Тергөөчүнүн ишине тоскоолдук жаратуу», «Бийлик өкүлү же тергөөчүгө карата зомбулук көрсөтүү».

 «Тергөө бул оор кылмыштарга мени айыптоого далилдер жетиштүү экенин айтып жатат. Албетте бул абсурд! Ошол эле маалда иш материалдарынын кайсы бир бөлүктөрүн сыр катары сакташыптыр. Бул өз кезегинде бийликтегилерге соттук териштирүүлөрдү жабык иретинде өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берет», - дейт Жолдубаева.

Эске салсак, Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен Кундуз Жолдубаева 2020-жылдын 9-февралына чейин үй камагына алынган.