04.02.2020 17:45

Кой-Таш окуясы: Соттук отурум дээрлик эки саатка кечигип жатат

Кой-Таш окуясы: Соттук отурум дээрлик эки саатка кечигип жатат

Бүгүн, 4-февралда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кой_таш окуясы боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина жана КСДП саясий партиясынын төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаеванын бөгөт чарасы каралат.

Тиешелүү өтүнүч менен тергөөчүлөр жана прокурорлор сотко кайрылышкан. Соттук процесс саат 16:00гө белгиленген.

Бирок ал дээрлик эки саатка кечигип жатат. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан кабар берип жаткан “Апрель” телеканалынын кабарчысы Канат Каниметов билдирди.

Депутат Ирина Карамушкина жана Кундуз Жолдубаева отурумга убагында келишкен. Алар менен алгач тергөө иш-чараларын жүргүзүшкөн.

Белгилей кетсек, күн мурун, 3-февралда Президенттин аппаратынын мурунку жетекчиси Фарид Ниязов, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков жана Мээрбек Мискенбаев, экс-президенттин жан сакчысы Канат Сагымбаевдин дагы бөгөт чаралары каралып, алардын камактагы мөөнөтү дагы эки айга узартылган.

Бардыгы тең адамдарды барымтага алуу, массалык башаламандык уюштуруу жана бийликти күч менен басып алууга кылган деп айыпталып жатышат.