04.03.2020 10:47

Кой-Таш окуясы: Соттук отурумга Алмазбек Атамбаев жана Ирина Карамушкина келишкен жок

Кой-Таш окуясы: Соттук отурумга Алмазбек Атамбаев жана Ирина Карамушкина келишкен жок

Бүгүн, 4-мартта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча алгачкы соттук угуулар башталат.

«Апрель» телеканалына жактоочу Замир Жоошев маалымдагандай, отурум Алмазбек Атамбаев жана Ирина Карамушкина жок эле башталды. Соттук угууларды алар жок өткөрүү боюнча өтүнүч келтирилген.

Мурдараак жактоочулар экс-президент Алмазбек Атамбаев кан басымын туруктуу сакташ үчүн эртең мененкисин медициналык текшерүүдөн өтүп жатканын кабарлашкан.

Адвокат Нурбек Токтакуновдун маалыматы боюнча, шектүүлөр дагы деле шарты жок «аквариумга» тыгылып, судья Марат Сыдыковдун сөзүн угушпай эле.

 «Алар катуураак суйлөөнү суранып жатышат. Бирок судья аларга эскертүү берип, кайра эле акырын сүйлөп туруп алды», - дейт Токтакунов.

Эске салсак, күн мурун, 3-мартта адвокаттар иштөө үчүн тиешелүү шарттын жоктугуна байланыштуу соттук отурумду жылдырууну өтүнүшкөн. Себеби, жактоочулар отура турчу үстөлдөр жетишсиз болуп, котормочулар чакырылган эмес.

Белгилей кетсек, Кой-Таш окуясына байланыштуу 19 адамга айып коюлган. Алардын ичинен бешөө тергөө менен кызматташууга макул болушкан.