23.03.2020 12:38

Кой-Таш окуясы: Соттук териштирүү экс-президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда уланууда

Кой-Таш окуясы: Соттук териштирүү экс-президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда уланууда

Бүгүн, 23-мартта Кой-Таш окуясы боюнча соттук териштирүү уланууда. Процесс Бишкектин Биринчи май райондук сотунда өтүүдө. Жараянга мурдагы президент Алмазбек Атамбаев өзү да катышып жатканын анын тарапкерлери билдиришти.

Соттун имаратында айыпталуучулардын жакындары жыйналып, колдоо көрсөтүп турушат. Соттук процесске Марат Сыдыков судьялык кылууда. Отурум жабык өтүүдө.

Ишти ИИМдин Тергөө кызматы тергеп, Атамбаев баштаган 14 адамга айып койгон. Башкы прокуратура ишти изилдеп чыгып, айыптоо актысынын негизинде Бишкектин Биринчи май райондук сотуна өткөрүп берген.

Кой-Таш окуясына айыптуу деген дагы беш адамдын иши өзүнчө тергелип жатат, себеби алар тергөө менен кызматташууга макул болушкан.

Эске салсак, 2019-жылы 7-8-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жана ИИМ Чүйдүн Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Анда бир офицер курман болуп, 200дөн ашык адам жабыркаган. 

Ал ортодо адвокат Замир Жоошев Жогорку сотко кайрылып, зарыл эмес бардык соттук процесстерди жылдырууну өтүндү.