23.03.2020 15:31

Кой-Таш окуясы: Соттук териштирүүдө Алмазбек Атамбаев өзүн жаман сезип, отурум жылдырылды

Кой-Таш окуясы: Соттук териштирүүдө Алмазбек Атамбаев өзүн жаман сезип, отурум жылдырылды

Бүгүн, 23-мартта Кой-Таш окуясы боюнча соттук териштирүү уланууда. Процесс Бишкектин Биринчи май райондук сотунда өтүүдө. Жараянга мурдагы президент Алмазбек Атамбаев өзү дагы катышууда.

Отурум учурунда төрагалык судья Ирина Воронцовадан баш тартышкан. Бирок аталган өтүнүч четке кагылган.

Көп өтпөй экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ден соолугу начарлап, соттук отурумду жылдырууга туура келген. Алдын ала маалыматтарга караганда, мурунку өлкө башчынын кан басымы ордуна келе элек.

Эске салсак, Кой-Таш окуясы боюнча Атамбаев баштаган 14 адамга айып коюлган. Башкы прокуратура ишти Бишкектин Биринчи май райондук сотуна өткөрүп берген.

Кой-Таш окуясына айыптуу деген дагы беш адамдын иши өзүнчө тергелип жатат, себеби алар тергөө менен кызматташууга макул болушкан.

Эске салсак, 2019-жылы 7-8-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жана ИИМ Чүйдүн Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Анда бир офицер курман болуп, 200дөн ашык адам жабыркаган. 

Ал ортодо адвокат Замир Жоошев Жогорку сотко кайрылып, зарыл эмес бардык соттук процесстерди жылдырууну өтүндү.