10.02.2020 12:55

Кой-Таш окуясы: УКМК Атамбаевдин тарапташы Баабиевдин арызына жооп кайтарды

Кой-Таш окуясы: УКМК Атамбаевдин тарапташы Баабиевдин арызына жооп кайтарды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Кой-Таш окуяларына байланыштуу айыпталып жаткандардын бири Фархат Баабиевдин «мен жөнүндө таратылган видео-аудио жазуулар монтаждалган» деген билдирүүсүнө жооп берди.

Буга чейин Фархат Баабиевдин билдирүүсүн «Апрель» телеканалы жарыялаган. Анда Баабиев УКМК кызматкерлери аны «алдап, коркутуп тасмага тартып, монтаждап Интернетке жарыялашканын» айтып чыккан.

«Баабиев "видеолорду УКМК кызматкерлери монтаждап Интернет тармактарына жайылтышты" дегени - кылмыш жоопкерчилигинен качуунун аракети» деп жазылат атайын кызматтын билдирүүсүндө.

Атайын кызмат буга чейин Интернетте тараган видео-аудио жазууларында Баабиевдин өзү экенин жана анын сөздөрүндө аймак аралык кастыкты козутууга, зомбулукка ачык чакырактар камтылганы, мамлекетте башаламандык уюштуруп, учурдагы бийликти күч менен басып алууга алып келе турган чакырыктар бар экендиги аныкталганын билдирди.

2019-жылы 15-августта УКМКнын Тергөө башкармалыгы Жазык кодексинин «Расалык, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты козутуу» беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүш баштаган. Буга байланыштуу Баабиев 19-августта кармалган.