15.05.2018 17:06

Кожобек Рыспаев: Нурлан Өмүркул уулу тууганым эмес

Кожобек Рыспаев: Нурлан  Өмүркул уулу тууганым эмес

КСДП фракциясынан депутат Кожобек Рыспаев Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин жыйынында Сапар Исаковдун сөзүнө жооп кайтарды.

«Мурунку өкмөт башчы Сапар Исаков мени Нурлан Өмүркул уулу менен байланышы бар деп чыкты го. Анысы тууган болушу мүмкүн дегени. Мен болгону Нурлан Өмүркул уулун жакшы техник катары ЖЭБ башчылыгына сунуштагам. Мындан экөөбүз тууган болуп калбайбыз да», – деди  Рыспаев.

Эске сала кетсек, мурдараак Сапар Исаков, ЖЭБдин мурунку башчысы менен ЖК депутатынын байланышы бар деп айткан болчу. 

« ЖЭБдин мурунку башчысы Нурлан Өмүркул уулунун Кожобек Рыспаев менен байланышы барын айтып жүрүшөт. Балким, ошон үчүн аны жоопко тартуунун ордуна кадырлап, башкы трибунаны берип, эксперт катары сүйлөтүп атышабы? Тиешең барбы, жоопкерчиликтен качпа, жооп бер», – деген Исаков.