15.01.2020 09:34

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу: Алмазбек Атамбаев камакта 15-мартка чейин калтырылды

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу: Алмазбек Атамбаев камакта 15-мартка чейин калтырылды

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин камактагы мөөнөтү 15-мартка чейин узартылды. Бул тууралуу кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу боюнча өткөн кезектеги соттук процесстен кийин жактоочу Замир Жоошев билдирди.

Биринчи май райондук сотунун көчмө соту УКМКнын тергөө абагында отурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бөгөт чарасын карап, анын камактагы мөөнөтүн эки айга узартты. Адвокат сот чечимин жокко чыгаруу боюнча жогорку инстанцияга кайрыларын билдирди.

Атамбаевдин адвокаттары анын саламаттыгына байланыштуу тергөө абагына кармоого мүмкүн эмес экенин да айтып жатышат.

Алмазбек Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулганына байланыштуу жана бир катар беренелер менен айыпталууда.

Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыккан жана атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, Орусияга учуп кеткен. Ички иштер министрлиги быйыл бул боюнча кылмыш ишин кайра тергеп, сотко өткөрүп берген.

Иш боюнча жалпысынан 19 киши айыпталууда.