26.12.2019 15:50

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук отурум кайра жылдырылды

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук отурум кайра жылдырылды

Бүгүн, 26-декбарда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук отурум пландалган. Бул иш боюнча Кыргызстандын экс-президент Алмазбек Атамбаев суралмак.

Бирок экс-президент кайрадан сот залынан чыгып кеткен. Бул тууралуу жактоочу Сергей Слесарев билдирет.

Анын үстүнө айыпталуучулардын дагы бири – академик Абдухалим Раимжанов ооруп жатканына байланыштуу соттук отурумду 2020-жылдын 9-январына жылдыруу чечими кабылданган. Маалыматка караганда, ал отурум УКМКнын имаратында өтөт.

Эске салсак, мурдараак УКМКнын имаратындагы бөлмө тар болгондуктан соттук процесске катышкандар тыгылып, сот, прокурор жана айыпталуучулар бетме-бет отуруп калышкан. Айыпталуучулардын бири Раимжанов чакан бөлмөдө отуруудан кыйналып жатканы белгиленген. Бирок, адвокаттардын отурумду Биринчи май райондук сотуна которууну жана аны Атамбаевсиз өткөрө берүү өтүнүчүн судья канааттандырган эмес.

Кесепетинде кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулганына байланыштуу иште айыпталып жаткан дарыгер Абдухалим Раимжановдун ден соолугу кескин начарлап, аны тез жардам кызматы ооруканага алып кеткен.

Белгилей кетсек, сот адвокаттардын өтүнүчтөрүн канааттандыруудан баш тарткандан кийин мурдагы президент ордунан туруп, жараяндан чыгып кеткен.

Эске салсак, Бишкектин Биринчи май райондук сотунда өтуп жаткан соттук отурумдардын УКМКнын имаратына көчүрүү тууралуу чечим 19-декабрда кабылданган. Буга прокурорлордун өтүнүчү себеп болгон. Айыптоочулар Алмазбек Атамбаев сотко келбей жатканын айтып, жараянды УКМКда өткөрүү сунушун келтирген.