17.12.2019 12:15

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук отурумга Алмазбек Атамбаевди алып келишти

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук отурумга Алмазбек Атамбаевди алып келишти

Кримтөбөл Азиз Батукаев боюнча соттук териштирүү уланат. Процесс Биринчи май райондук сотунда өтүүдө.

Мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча экс-президент Алмазбек Атамбаев дагы суралат. Мурунку мамалекет башчыны бүгүнкү соттук отурумга алып келишет. Бул тууралуу анын жактоочусу Сергей Слесарев билдирет.

Айтымында мурунку мамлекет башчысынын кан басымы калыбына келип, өзүн жакшы сезүүдө.

«Бирок ал отурумга катышабы же жокпу, суроолорго жооп береби же баш тартабы айта албайм. Көрсөтмө берүүдөн баш тартса — бул анын укугу», — деди жактоочу.

Буга чейин мурунку мамлекет башчы процесске катышуудан баш тартып, тергөө абагындагы камерадан чыкпай келген. Мындан улам соттук отурум жылдырылган.

Иш боюнча 19 киши айыпталууда, алардын арасында Алмазбек Атамбаев дагы бар.