28.01.2020 09:00

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу: Күбө катары өтүп жаткан дарыгерлер көрсөтмө беришет

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу: Күбө катары өтүп жаткан дарыгерлер көрсөтмө беришет

Бүгүн, 28-январда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук отурум уланат.

Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошевдин маалымдаганына караганда, бүгүнкү отурумда иште күбө катары өтүп жаткан дарыгерлер көрсөтмө беришет.

Улуттук гематология борборунун дарыгерлери көрсөтмө беришет. Анткени Батукаевдин өсмө оорусуна чалдыкканы тууралуу аталган борбордун көрсөтмөсү анын абактан бошотулушуна негиз болуп берген- дейт З. Жоошев.

23-январдагы жараянда Улуттук гематология борборунун дарыгери Елена Гавриленко суралган. Мындан тышкары, бул иште коррупция үчүн шектүү болуп жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баш болгон дагы үч мурдагы жетекчиге сотто айыбы угузулду. Алар коюлган күнөөгө макул эмес экенин айтып жатышат.

Сот отуруму айыпталуучулардын бири - мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусуз өтүп жатат. Башында сотко катышуудан Атамбаев өзү баш тарткан болсо, кийинчерээк Биринчи май райондук сотунун судьясы анын сот отурумуна катышуусуна тыюу салган.