15.01.2020 12:21

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу: соттук отурумдар Атамбаев жок эле өтүп турат

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу: соттук отурумдар Атамбаев жок эле өтүп турат

Мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук отурумдар мындан ары мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусуз өтөт. Бул тууралуу анын жактоочусу Замир Жоошев билдирди.

Маалым болгондой мындай чечим күн мурун, 14-январда УКМКнын имаратында өтүп жаткан соттук отурумдун жүрүшүндө кабылданган.

Эске салсак, мурдараак экс-президент соттук процесстерге катышпай тургандыгын, эч кандай көрсөтмө бербээрин айтып келген. Ага карабастан Алмазбек Атамбаевди күчкө салып алып келишип, жактоочулардын соттук отурумду мурунку өлкө башчыныны катышуусуз өткөрөлү деген өтүнүчтөрүн сот четке кагып келген.

Замир Жоошев билдиргендей, өткөн соттук отурумдан Алмазбек Атамбаев чыгып кеткен. Андан соң судья сот тартибин бузгандыгы үчүн экс-президентти сот отурумунан четтетүү чечимин кабыл алган.

“Ошондо судья Атамбаевди биротоло четтетип койгон болот. Кийинки отурумдар анын катышуусуз өтөт. Ошол эле маалда сот айыпталуучу жок эле соттук териштирүүнү жүргүзсө болот деген биздин позицияны жактырган болот. Болбосо мурдараак судья макул болбой жаткан”, - дейт жактоочу

Бишкектин Биринчи май райондук сотунан кабарлашкандай, экс-президент соттук отурумдардын акырына чейин четтетилди. Бирок судья мурунку президентти айып угузаарда же тараптардын биринин өтүнүчү менен чакыртылышы мүмкүн экендигин белгилешти.

Эске салсак, мурдараак УКМКнын имаратындагы бөлмө тар болгондуктан соттук процесске катышкандар тыгылып, сот, прокурор жана айыпталуучулар бетме-бет отуруп калышкан. Айыпталуучулардын бири Раимжанов чакан бөлмөдө отуруудан кыйналып жатканы белгиленген. Бирок, адвокаттардын отурумду Биринчи май райондук сотуна которууну жана аны Атамбаевсиз өткөрө берүү өтүнүчүн судья канааттандырган эмес.

Кесепетинде кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулганына байланыштуу иште айыпталып жаткан дарыгер Абдухалим Раимжановдун ден соолугу кескин начарлап, аны тез жардам кызматы ооруканага алып кеткен.

Белгилей кетсек, сот адвокаттардын өтүнүчтөрүн канааттандыруудан баш тарткандан кийин мурдагы президент ордунан туруп, жараяндан чыгып кеткен.

Эске салсак, Бишкектин Биринчи май райондук сотунда өтуп жаткан соттук отурумдардын УКМКнын имаратына көчүрүү тууралуу чечим 19-декабрда кабылданган. Буга прокурорлордун өтүнүчү себеп болгон. Айыптоочулар Алмазбек Атамбаев сотко келбей жатканын айтып, жараянды УКМКда өткөрүү сунушун келтирген.