14.01.2020 16:18

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу: Соттук процесс кайрадан жылдырылды

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу: Соттук процесс кайрадан жылдырылды

Бүгүн, 14-январда УКМКнын имаратында кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук отурум өттү. Аталган кылмыш иши боюнча Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев суралууда.

Отурумдун соңунда жактоочу Замир Жоошевдин билдирүүсүнө караганда жактоочу тарап бир нече өтүнүч келтирген. Бирок судья бардыгын тең четке каккан.

Жыйынтыгында соттук отурумду 16-январь, саат 14:00гө жылдыруу чечими кабылданган.

Дагы бир айыпталуучу – академик Абдухалим Раимжанов ага тагылып жаткан айыптарга ачууланган. Сот залында анын ден соолугу начарлаганына карабастан, судья отурумду анын катышуусунда уланткан.

 

Эске салсак, мурдараак УКМКнын имаратындагы бөлмө тар болгондуктан соттук процесске катышкандар тыгылып, сот, прокурор жана айыпталуучулар бетме-бет отуруп калышкан. Айыпталуучулардын бири Раимжанов чакан бөлмөдө отуруудан кыйналып жатканы белгиленген. Бирок, адвокаттардын отурумду Биринчи май райондук сотуна которууну жана аны Атамбаевсиз өткөрө берүү өтүнүчүн судья канааттандырган эмес.

Кесепетинде кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулганына байланыштуу иште айыпталып жаткан дарыгер Абдухалим Раимжановдун ден соолугу кескин начарлап, аны тез жардам кызматы ооруканага алып кеткен.

Белгилей кетсек, сот адвокаттардын өтүнүчтөрүн канааттандыруудан баш тарткандан кийин мурдагы президент ордунан туруп, жараяндан чыгып кеткен.

Эске салсак, Бишкектин Биринчи май райондук сотунда өтуп жаткан соттук отурумдардын УКМКнын имаратына көчүрүү тууралуу чечим 19-декабрда кабылданган. Буга прокурорлордун өтүнүчү себеп болгон. Айыптоочулар Алмазбек Атамбаев сотко келбей жатканын айтып, жараянды УКМКда өткөрүү сунушун келтирген.