20.04.2018 12:52

КСДП депутаттары Сапар Исаковду эмнеге кетирди?

Кыргызстан парламенттик башкаруу системасына өткөндөн бери биринчи жолу Жогорку Кеңеш Өкмөткө ишеним көрсөтпөй, министрлер кабинети отставкага кетти. Ошондой эле парламентте аткаруу бийлигине ишеним көрсөтпөө демилгесин көтөргөн оппозициялык азчылыктын позициясын коалициялык көпчүлүк колдогону биринчи жолу катталды. Өзгөчө башкаруучу альянстын негизин түзгөн социал демократтардын фракциясы өткөн жуманын аягында эле министрлер кабинетинин отчетун угуп, колдоп берген. Алардын басымдуу бөлүгү позициясынан кайтып, артка чегингенине эмне себеп болду? Жети күндүн ичинде эмне өзгөруп кетти?