05.11.2018 12:25

КСДП: Сагынбек Абдрахманов - бул ыплас оюндарда жөн эле кичинекей фигура

КСДП: Сагынбек Абдрахманов - бул ыплас оюндарда жөн эле кичинекей фигура

КСДП Кыргызстандагы эң күчтүү жана чоң партия экени талашсыз. Азыр аны ичинен иритип, экиге бөлүп жаткан саясий күчтөр болуп жатат. Партия азыр тазалануу жолунда бара жатканын саясий уюмдун өкүлдөрү билдирип келишет. КСДПдагы абал жана Иса Өмүркуловдун партиядан четтетилиши тууралуу сөз кылуу үчүн «Апрель» телеканалында КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева конокто болду. 

-Саламатсызбы? Алгач жакында эле партиядан чыгарылган Иса Өмүркулов тууралуу сөз козгосок, буга эмне себеп болду? 

-Баарыңыздарга эле белгилүү болгондой, партиянын саясий кеңешинин акыркы отурумунда фракция лидери болуп келген, саясий кеңештин, партиянын мүчөсү болуп келген Иса Өмүркуловду партиядан чыгаруу тууралуу чечим кабыл алынды. Бул чечим Иса Өмүркуловдун партиянын уставына, партиянын максаттарына туура келбеген иш-аракеттери үчүн кабыл алынды.  Алар эмне себептер экенине кыскача токтолуп кетейин: Иса Шейшенкулович фракция лидери катары партия менен байланышты жоготуп койду. Ушул жазда болуп өткөн съездден кийин Иса Өмүркулов бир да жолу партия менен байланышка чыккан жок. Лидер менен жолугушууларга келген жок. Жаздан бери болуп жаткан саясий кеңештин отурумдарына да катышкан жок. Саясий кеңештин мүчөсү катары ага жол-жобосу менен атайын чакыруулар жиберилип жатты. Бирок, белгисиз себептер менен ал отурумдарга катышкан жок. 

- Өмүркулов отурумдарга катышып жүргөнүн, Алмазбек Шаршенович менен кезиккенин айтты... 

-Бул чындыкка дал келбейт. Мен муну азыр дагы бир жолу баса белгилеп айткым келет. Жаздан бери бир да жолу партия менен байланышка чыккан жок. Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидери болгондон кийин партия менен тыгыз иш алып барыш керек эле. Андай болгон жок. Саясий кеңештин отурумдарына да келген жок. Жадакалса, саясий кеңештин акыркы отурумуна -  өзүнүн  маселеси каралчу отурумга да келген жок. Мындан бир бүтүмгө келсе болот. Коомчулук деле муну өзү таразалап, өзү жыйынтык чыгарып алат. 

-Иса Өмүркулов акыркы берген маалымат жыйында «мени партиядан чыгарууну бир ууч киши чечип койду, кворум болгон жок» деп нааразыланды? 

-Кворум чогулду, саясий кеңештин 19 мүчөсү бул чечимге добушун берди. Эгерде Иса Шейшенкуловичтин болуп өткөн отурум, же чечим боюнча бир күмөнү бар болсо, сотко кайрылсын. Биз азыр Иса Шейшенкуловичтин ички абалын, сезимдерин түшүнүп турабыз, бирок, партиядан четтетилгенин факт катары кабыл алышы керек. 

- Акыркы отурумга кандай жол менен чакырылганын айтып берсеңиз?

- Биздин катчылыктын балдары, катчылыктын башчысы саясий кеңештин отурумдарына анын ар бир мүчөсүн чакырууга милдеттүү. Алар Иса Өмүркуловдун Жогорку Кенештеги иш бөлмөсүнө барып айтып, чакыруу калтырган. Бирок, мен белгилеп кеткендей, ал чакырууларга келген жок. 

- Ал киши маалымат жыйында «мен чыккынчы эмесмин, бул чечимди кабыл алгандар чыккынчы» деп билдирди. Буга партия тараптан кандайдыр-бир комментарий болобу?

- Саясий кеңештин чечими чыккандан кийин эле коомчулукта ар түрдүү пикирлер айтылды. Көбүнчө ой-пикирлерди байкап жатсаңыздар керек,  чыккынчы ким экенин азыр коомчулук өзү эле баамдап, айтып жатат. 

- «КСДП - Атамбаевсиз» кыймылына кайрылсак. Анын башында азыр Сагынбек Абдрахманов жүрөт. Жер-жерлерди кыдырып, саясатчылар менен жолугушуп атыптыр. Ошол эле Иса Өмүркулов менен да жолугуптур. Бул киши өзү ким? 

- Сагынбек Абдрахманов былтыр КСДПнын съездинен кийин партия мүчөлүгүнөн чыгарылган. Анын себептери баарыңарга эле маалым: ошол съездде КСДП президенттикке бирдиктүү талапкер катарыСооронбай Шариповичти көрсөткөн. Ошондо Сагынбек Абдрахманов талапкерге каршы чыккан. Мындан улам, саясий кеңеш анын иш-аракеттери партиянын Уставына, максаттарына дал келбейт, партиянын съездинин чечимине каршы деген бүтүм чыгарышып, Сагынбек Абдрахмановду партиядан чыгарышкан. Бул адам азыр партиянын мүчөсү эмес. «КСДП - Атамбаевсиз» деген кыймылды жетектеп алып, жер-жерлерге барып элдин башын айлантып, «биз партиянын конференциясын өткөрүп жатабыз» коомчулукту дүрбөлөңгө салып жатат. Аны партконференция деп атоого болбойт.  Абдрахманов өткөрүп жаткан жыйындардын баары- мыйзамсыз жыйындар. Анткени, партконференция өткөрүш үчүн саясий кеңештин же координатордун чечими болушу керек. Ал азыр айланасына КСДПга тиешеси жок адамдарды чогултуп алып, «мына КСДП жыйын өткөрдү» деп жар салып жатат. Көлдүн Каракол шаарында өткөргөн акыркы жыйынын карасак, Данияр Тербишалиев жүрөт, Эркингүл Иманкожоева жүрөт. Тербишалиевди алып карасак, ал 2015-жылы «Республика-Ата Журт» партиясынын тизмеси менен депутаттыкка ат салышкан болчу. Эркингүл Иманкожоева эжебиз азыркыга чейин «Ата Мекен» партиясынын тизмесинде жүрөт. Биз мурда эле айтканбыз, Сагынбек Абдрахманов бул ыплас оюндарда жөн эле кичинекей фигура. Бул оюндардын артында чоң күчтөр турат. Муну Сагынбек Абдрахманов өзү деле ачыктап койду. Социалдык тармактарда Иса Шейшенкулович алар менен жолукканын, кыймылды колдой турганын айтты, «биздин жолугушууну Асылбек Жээнбеков уюштуруп берди» деп дагы жар салды. Эми мындан коомчулук өзү эле бүтүм чыгарып алат. 

- Кайра Иса Өмүркуловго кайтып келсек, партия аны фракция лидерлигинен четтетүү үчүн депутаттарга сунуштама берди деп айтылды билдирүүдө. Эми кандай болот сиздин оюңуздарча?

- Эми биз саясий кеңештин чечимин дүйшөмбү күнү фракция депутаттарынын ар бирине персоналдуу түрдө жөнөтөбүз. Чечимди фракция депутаттары кабыл алышы керек. Алар партиянын саясий кеңешинин чечимин кабыл алганга милдеттүү. Бирок, саясий оюндар да болуп кетиши мүмкүн. Мына, Кожобек Рыспаевди деле Иса Өмүркулов оюндарды жасап, партиянын саясий кеңешинин чечимин аткарбай койду. Дагы ошондой оюндар болуп, Иса Өмүркуловду фракция лидеринен кайтарып алуу чечимин кабыл алышпаса, анда депутаттардын өзүнүн абийирине коебуз. Ошол депутаттар КСДПнын тизмеси менен ошол жерде мандат алып отурушат, КСДП фракциясын ошол жерде көрсөтүп отурушат, анан ар бир депутат өзүнө суроо салса да, кантип өздөрүнүн шайлоочуларынын жана лидеринин көзүнө карашат. 

- Сөздүн акырында партиянын келечектеги максаттары жана пландары тууралуу бөлүшө кетсеңиз. 

- КСДП өзүңүздөр билгендей эле тарыхы бай партиялардын бири. Партиянын келечеги - кең. Партиянын айланасында азыркы болуп жаткан окуялар бул бир гана нерседен кабар берет. Партия тазалануу, жаңылануу этабынан өтүп жатат. Биз азыр «Келгиле, биздин аянтча жаңы жүздөргө, жаңы идеяларга ачык. Биз чогуу парламентаризмди куралы, системаны өзгөртөлү» деп жатабыз. 25 жылдык тарыхында КСДП мындай ыплас оюндардан биринчи жолу өтүп жаткан жери жок. Мындай «уйгактар», саткындар арасында болуп келген. Бирок, ошого карабай партия күчтөнүп, дагы деле алдыга жыла берет. Азыркы болуп жаткан окуялар бизге кайрадан жаңы күч, дем берет. Партиянын келечеги кең, мына буюрса, 2019-жылы 6-апрелде партиянын кезектеги 18-съезди болот. Ал жакта жаңы чечимдер кабыл алынат.