09.08.2019 12:14

КСДП мүчөсү Ирина Карамушкинаны суракка чакырышты (жаңыланды)

КСДП мүчөсү Ирина Карамушкинаны суракка чакырышты (жаңыланды)

Жогорку Кеңештин депутаты, КСДП Саясий кеңешинин мүчөсү Ирина Карамушкинаны суракка чакырышты. Бул туурасында April.kg порталына партиядан билдиришти.

«Учурда ИИМ өкүлдөрү Ирина Юрьевнаны алып кетүүгө келишти. Депутатты суракка күбө катары чакырып жатабыз дешти. Бирок кайсы иш боюнча экени белгисиз», -дешти партиядан. 

Буга чейин КСДП төрайымы Асель Кодуранова  жана анын орун басары Кундуз Жолдубаева ИИМге сурак берүүгө чакырылганы белгилүү болгон. 

12:33тө алынган маалымат боюнча Ирина Карамушкина суракка кирип кетти.