24.10.2018 13:27

Кубанычбек Кулматов дагы бир ай камакта болот

Кубанычбек Кулматов дагы бир ай камакта болот

Биринчи Май райондук соту бүгүн, 24-октябрда Бишкектин мурунку мэри Кубанычбек Кулматовдун баш коргоо чарасын карады. Жыйынтыгында сот аны камакта кармоо мөөнөтүн дагы бир айга узатты.

Эми Кулматов 20-ноябрга чейин тергөө абагында болот. 

Буга чейин, 24-сентябрда Биринчи май райсотунда Кулматовдун камакта калуу мөөнөтүн узартуу каралып, мурунку калаа башчыны УКМКнын тергөө абагында 28-октябрга чейин кармап туруу чечими чыккан. Бул мөөнөт аягына чыгып баратканына байланыштуу, бүгүн кайра сот отуруму болду.

Кулматов быйылкы жылдын 5-июнунан тартып, УКМКнын тергөө абагында. Ага Бишкек мэри болуп турган кезде, 2 млн. доллар гранттык каражатты мыйзамсыз пайдаланган деген айып  тагылууда. Бул каражат кытайлык TBEA компаниясы тарабынан аймактарга эки жаңы мектеп курууга берилген.

Кулматов «Калыс-Ордо» жаңы конушу мектепке муктаж деген шылтоо менен каражатты өкмөттүн бюджетинен мэриянын казынасына котортуп алган», - деп айыпталган.  

Кулматов өзү  акча мэрияга накталай түшпөгөнүн, кытайлык компания аны дароо  куруучу компаниянын эсебине которгонун билдирген болчу.