25.06.2018 21:08

Кубанычбек Кулматов дагы эки айга камакта калтырылды

Кубанычбек Кулматов дагы эки айга камакта калтырылды

Биринчи май райондук сот Кубанычбек Кулматовдун камакта калуу мөөнөтүн 28- августка чейин узартты. Тиешелүү чечимди бүгүн, 25-июнда сот Мирлан Термечиков кабыл алды. Бул туурасында Кулматовдун жактоочусу Сергей Слесарев April.kg порталына билдирди. 

Буга чейин аталган райсот 5-июндан 28-июнга чейин Кулматовду камакта калтыруу чечимин чыгарган. Аталган мөөнөт аягына чыгып баратканына байланыштуу, бүгүн тергөө сотко анын баш коргоо чарасын узартуу же үй камагына алуу өтүнүчүн келтириши керек болчу.

Мурдараак жактоочу Кулматовду камакка алуу боюнча райондук соттун чечимине нааразы болуп, Жогорку Сотко арыз жазганын билдирген.  Бирок, акыркы инстанция  аталган арызды качан карай тургандыгы белгисиз.

Кулматовго кытайлык компаниянын мектеп курууга берген каражатын мыйзамсыз пайдаланган деген айып тагылууда.