05.06.2018 15:24

Кубанычбек Кулматов кайрадан УКМКда сурак берип жатат

Кубанычбек Кулматов кайрадан УКМКда сурак берип жатат

Бажы кызматынын мурунку жетекчиси Кубанычбек  Кулматов кайрадан УКМКга суракка чакыртылды. Бул тууралуу April.kg  порталына өздүк булактар билдиришти.

Кулматов бүгүн саат 15:00гө Коопсуздук кызматына чакырылган.

Эскерте кетсек, буга чейин 11-майда Кубанычбек Кулматов УКМКга  кытайлык TBEA компаниясы берген грант  боюнча  чакыртылып, сурак берип чыккан болчу.

21-майда УКМКнын  башкы тергөө башкармалыгы мурунку бажы кызматынын төрагасына  303-берененин 1-пунктуна ылайык, "Коррупция" фактысы боюнча айып таккан. Кийин анын үйүндө тинтүү жүрүп, мүлкү  камакка алынган.

Эскерте кетсек, Кулматовго  Бишкек мэри болуп турган кезде, 2 млн. доллар гранттык каражатты мыйзамсыз пайдаланган деген айып  тагылууда.  Бул каражат кытайлык TBEA компаниясы тарабынан аймактарга эки жаңы мектеп курууга берилген.

Кулматов «Калыс-Ордо» жаңы конушу мектепке муктаж деген шылтоо менен каражатты өкмөттүн бюджетинен мэриянын казынасына котортуп алган», - деп айыпталган.  

Кулматов өзү  акча мэрияга накталай түшпөгөнүн, кытайлык компания аны дароо  куруучу компаниянын эсебине которгонун билдирген болчу.