Кубанычбек Кулматовду камакта кармоо мөөнөтү дагы бир айга узартылды

Кубанычбек Кулматовду камакта кармоо мөөнөтү дагы бир айга узартылды

Кубанычбек Кулматов 28-сентябрга дейре камакта калмай болду. Бул туурасында April.kg порталынын кабарчысы билдирди. 

Бүгүн, 24-августта Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда тергөөнүн  Кубанычбек Кулматовдун камакта калуу мөөнөтүн узартуу боюнча өтүнүчү каралып, мурунку шаар башчысын дагы бир ай камакта калтыруу чечими кабыл алынды. Анын тарапташтары соттон акыйкаттыкты талап кылышууда. 

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 5-июнунда Бишкек шаарынын Биринчи май райсоту коррупция беренеси менен айыпталып жаткан Мамлекеттик бажы кызматынын мурунку төрагасы, Бишкек шаарынын мурунку мэри Кубанычбек Кулматовдун «өлкөдөн чыкпоо» баш коргоо чарасын УКМКнын тергөө абагына 28-июнга чейин камакка алууга өзгөрткөн эле. 

25-июнда Биринчи май райондук соту Кубанычбек Кулматовдун камакта калуу мөөнөтүн 28- августка чейин узарткан.  

10-июлда Жогорку Сот Кулматовдун жактоочусу Сергей Слесаревдин кайрылуусунун негизинде Биринчи май райондук сотунун Кулматовдун баш коргоо чарасын «камакка алуу» кылып өзгөрткөнү канчалык деңгээлде мыйзамдуу экенин карап, бирок, өкүмдү күчүндө калтырган.  

Кулматовго кытайлык компаниянын мектеп курууга берген каражатын мыйзамсыз пайдаланган деген айып тагылууда.