28.11.2019 13:09

“Кулакка тээп”, “Лапшаны илип” – Спикердин сүйлөө маданияты

“Кулакка тээп”, “Лапшаны илип” – Спикердин сүйлөө маданияты

Жогорку Кеңештин спикери бакылдап сүйлөйм деп атып, “балп”эткен сөздөрү менен сүйлөө маданиятын көрсөттү.

Парламенттин отурумдарынын биринде Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков өкмөт мүчөсүнөн отчет талап кылып жатканын, сөз жайыттарга мал жайган чабандар тууралуу экенин түшүнүүгө болот.

Бирок Дастан Жумабеков бийик трибунадан катардагы мамлекеттик кызматкерге асылам деп, социалдык тармактагылардын сынына кабылды.