16.12.2019 18:32

Кундуз Жолдубаева ИИМдин убактылуу кармоочу жайына 48 саатка камалышы ыктымал

Кундуз Жолдубаева ИИМдин убактылуу кармоочу жайына 48 саатка камалышы ыктымал

КСДП саясий партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева 48 саатка камакка алыныш ыктымал. Бул тууралуу анын партиялаштары кабарлашты.

Бүгүн, 16-декабрда ИИМге күбө катары суракка таң эрте келген бир күн кечке ал жактан чыккан эмес.

Маалыматка караганда, каралып жаткан иштин материалдары сыр катары сакталат. К. Жолдубаева үн катпоо тууралуу документке кол койгондуктан тергөө аракеттери боюнча кененирээк айтып бере алган эмес.

Саат 14:00дө танапис жарыяланып, 14:30да сурак улантылган.

Эске салсак, Кундуз Жолдубаева Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаевдин үйүнө чабуул жасалган Кой-Таш айылындагы 7-8-августтардагы башаламандык боюнча күбө катары сурак берүүдө.