26.06.2018 11:08

Кундуз Жолдубаева: УКМКнын Кой-Таштагы жер тилкесин Атамбаев сатып алган деген маалымат- жалган

Кундуз Жолдубаева: УКМКнын Кой-Таштагы жер тилкесин  Атамбаев сатып алган деген маалымат- жалган

УКМК айрым ЖМКлар аркылуу таратылып жаткан Кой-Таш айылындагы мамлекеттик жер тилкесинин жеке жактарга  сатылып кеткени тууралуу  жалган сөздөргө чекит коюшу керек. Бул туурасында КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

«Учурда ЖМКлар УКМКнын маалымат кызматына шилтеме кылып, Кой-Таштагы мамлекетке таандык жер үлүшү жеке колго сатылып кеткен деген маалыматты таратып жатышат.  Биз  КСДПнын лидери Алмазбек Атамбаев өзүнүн Кой-Таштагы үйүнүн жанында жайгашкан бул тилкени УКМКдан сатып алган деген маалымат жалган экенин расмий түрдө билдиребиз. 

Биздин билишибизче, Кой-Таштагы ал тилке дагы деле УКМКнын карамагында жана жакында эле 9-кызматтын жетекчиси аймакты кыдырып чыкты. Алмазбек Шаршеновичтин дагы, анын туугандарынын дагы бул тилкеге эч кандай тиешеси жок. Бирок, жалган маалыматтын тарашы элди адаштырып жатат», -деди Жолдубаева.