29.11.2019 15:21

Курч мүнөздөгү вирустук инфекция жүрүүдө

Курч мүнөздөгү вирустук инфекция жүрүүдө

Бишкекте ичеги-карын инфекциясын жугузгандар арбыды. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлиги кабарлайт.

Маалыматка караганда, Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына бир сутка ичинде 197 бейтап кайрылган. Алардын ичинен 139у жаш балдар.

Күн мурун, 28-ноябрда кайрылгандардын 69у ооруканага жаткырылган, алардын 63ү жаш балдар. 

«Курч мүнөздөгү ичеги-карын инфекциялары менен 41 адам кайрылса, 30у ооруканага жаткырылып, 11 бейтапка амбулатордук жардам көрсөтүлгөн. Курч мүнөздөгү вирустук инфекциялар менен 22 адам кайрылган, алардын 11и ооруканага жаткырылды», -деп айтылат маалыматта.