14.10.2019 16:50

Курсан Асановду үй камагында кармоо мөөнөтү узартылды

Курсан Асановду үй камагында кармоо мөөнөтү узартылды

ИИМ жетекчисинин мурдагы орун басары Курсан Асановдун баш коргоо чарасы 23-декабрга чейин узартылды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, чечим 10-октябрда чыккан.

Эскерте кетсек, 8-август күнү Кой-Таштагы чабуул учурунда Курсан Асанов экс-президент Алмазбек Атамбаев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Анда генерал Атамбаевге өз эрки менен колго түшүп берсе, жакындарына эч ким күч колдонбосун айтып, убада берген. 13-августта ИИМ Курсан Асановду «милициянын кызыкчылыгын саткандыгы жана ага карата ишенимдин жок болгондугу үчүн» деген жүйөө менен ээлеген кызматынан бошоткон. 14-августта ага карата кызматынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча кылмыш иши ачылганы белгилүү болгон. 27-августта Биринчи Май райондук соту Курсан Асановдун баш коргоо чарасын карап, 13-октябрга чейин үй камагына алуу чечимин чыгарган.