29.08.2019 10:19

Курсан Асановдун уулун камакка алуу өкүмү чыгып, издөө жарыяланды

  Курсан Асановдун иши (1 материал)
Курсан Асановдун уулун камакка алуу өкүмү чыгып, издөө жарыяланды

Курсан Асановдун уулу Мухаммед-Али Асановго издөө жарыяланды. Бул туурасында Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматта Аскер прокуратурасы ИИМдин жетекчисинин мурунку орун басары Курсан Асановдун 7-8-август күндөрү орун алган «мыйзамсыз иш-аракеттерин» иликтөөсүн улантып жатканы айтылат.

«Тергөө 8-август күнү Курсан Асанов Кой-Таштагы Алмазбек Атамбаевдин үйүнөн алынып чыккан далил буюмдарды, документ жана башка предметтерди өзүнүн жан сакчысы Дамирбек Пайзылда уулу аркылуу мыйзамсыз түрдө уулуна берип жибергени аныкталды. Жан сакчы аны ошол эле күнү саат 21:00-21:15 чамаларында Тышкы иштер министрлигинин имаратынын жанынан Мухаммед-Али Асановго Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарына өткөрүп берүү үчүн тапшырган», -дешет мекемеден.

27-август күнү Курсан Асановго Кылмыш кодексиндеги 43-берененин 2-бөлүгүндө жана 320-берененин 2-бөлүгүндө каралган кылмыштарды жасоого шектелип жатканы тууралуу билдирүү тапшырылып, ошол эле күнү баш коргоо чарасы аныкталып, 13-октябрга чейин үй камагына алынган. 

«27-августта бул кылмышка катыштыгы бар делип, 22 жаштагы Мухаммед-Али Асановду камакка алуу тууралуу сырттан өкүм чыгарылып, ага издөө жарыяланды. Буга чейин, 23-августта документ жана башка буюмдарды Атамбаевдин тарапташтарына мыйзамсыз өткөрүп берүүгө катышкан деген шек менен Курсан Асановдун жан сакчысы, ИИМ кызматкери Дамирбек Пайзылда уулу кармалып, кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Учурда тергөө бул ишке тиешеси бар бардык адамдарды тактап жатат», -деп билдиришти Башкы прокуратурадан.