02.04.2018 11:57

Күйүүчү май ташыган унаалар мөөнөтсүз митингге чыгышты

  митинг (1 материал)
Күйүүчү май ташыган унаалар мөөнөтсүз митингге чыгышты

Бишкек-Ош жолундагы "Сосновка" постунда күйүүчү май ташыган 100гө жакын унаа айдоочулары нааразылык акция өткөрүп жатышат. Бул тууралуу Мунай ташуучулар бирикмесинин төрагасы Чолпонбек Жамбоев April.kg порталына  билдирди.

Айтымында, айдоочулар жолдогу коррупцияны, акча жыйноону токтотуу, өкмөттүн милдеттүү камсыздандыруу тууралуу токтомун жокко чыгарууну талап кылууда.

"Ыгы жок акча жыйноолордон тажадык. Эми камсыздандыруу полиси чыкты. Ал акча деле бюджетке түшөөрүнөн күмөн бар", - дейт Жамбоев. Нааразычылык акциясы 30-мартта башталып, дагы деле уланууда. Бүгүн айдоочуларга Транспорт министрлигинен өкүлдөр келип, талаптарын угаары күтүлөт. 

1-апрелде күчүнө кирген милдеттүү камсыздандыруу мыйзамына ылайык, оор жүк ташуучулар жүктөгөн жүгүнө жараша полис алыш керек.  Эгерде 2,5 тоннага чейинки салмактагы оңой күйө турган суюк зат ташыса, бир жылдык полис баасы 5-10 миң сомдун тегерегинде болот. 20 тоннадан ашкан ушундай эле жүк үчүн полиске 60 миңден 120 миң сомго чейин төлөнөт. 

Кокус жол кырсыгы болуп, жүргүнчү жабыркаса камсыздандыруу компаниясы анын дарылануусуна 300 миң сомго чейин компенсация төлөөгө тийиш болот. Кырсыктан жүгүнө зыян келтирилсе да компенсация алат.