04.09.2019 21:04

Көлдөгү беш адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы. Шектүү аял 2 айга камакка алынат

Көлдөгү беш адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы. Шектүү аял 2 айга камакка алынат

Ысык-Көл облусунун Сары-Камыш айылынын жанында болгон жол кырсыгына шектүү аялды Тергөө абагына киргизишет. Бул туурасында облусттук соттон билдиришти.

Маалыматка караганда, аял азырынча ооруканада, аны күзөт кызматкерлери кайтарып турушат.
«Ысык-Көл райондук соту айдоочу аялды 3-ноябрга чейин Караколдогу №3 СИЗОго камакка алуу чечимин чыгарды. Бирок ал ооруканада, жакшы болоору менен тергөө изоляторуна киргизилет», -дешти мекемеден.  

Эске сала кетсек, 30-август күнү Каракол-Бишкек унаа жолунда 5 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы катталган. Сары-Камыш жана Кызыл-Өрүк айылдарынын ортосунда BMW-Х5 унаасы менен BMW-523 үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен BMW-523 унаасында келе жаткан айдоочу менен төрт жүргүнчүсү окуя болгон жерден мүрт кетишкен. Алардын арасында 1 жаштагы наристе да бар болгон. Күбөлөр BMW-Х5 унаасынын айдоочусу карама-каршы тилкеге чыгып кеткенин, анын айдоочусу менен жүргүнчүсү мас абалында болгонун айтышкан.