13.09.2018 09:57

Ленин айылында чыккан өрттөн 3 адам жабыркап, ооруканага жеткирилди

Ленин айылында чыккан өрттөн 3 адам жабыркап, ооруканага жеткирилди

Аламүдүн районунун Ленин айылында чыккан өрттөн 3 адам күйүк алды. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Кырсык кечээ түш чендерде болгон. Ленин айылындагы Коммунарская көчөсү №98 дарегинде турак үйдүн жана сарайдын жалпы 136 чарчы метр жыгач устундуу шифер жабылган чатыры күйгөн. 

Өрттү өчүрүүгө 2 бөлүк тартылып, 3 саатка жакын алпурушту. Өрттүн кесепетинен  39 жаштагы  А.Д., 38 жаштагы Е.Д., 78 жаштагы В.Л. аттуу жарандар денесинен 5 % күйүк алган.

Алар тез жардам кызматкерлери тарабынан райондук ооруканага жеткирилип, өрттүн себептери такталууда.